Бүгүнкү күндөн баштап шаарда жүрүү үчүн уруксат кагаздарды берүүнүн электрондук системасы иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымы боюнча, уруксат кагаздары Биринчи май, Ленин, Октябрь жана Свердлов ички иштер башкармалыгында берилип жатат.
“Электрондук уруксаат берүү системасы азыркы убакта тест режиминде иштеп баштады. Ал системанынын ишке ашыруунун бирден бир максаты – коопсуздукту сактоо жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Эми жарандар үйдөн эле арызды толтуруп, уруксат кагаздарын ала алышат” – деп билдирди комендант.
“Маалымат алуу үчүн 1312 кыска номери иштей баштайт. Бул номерге бардык уюлдук операторлордон чалуу акысыз” – деп кошумчалады Алмазбек Орозалиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ