Жалал-Абад облусунда 29-мартта болжол менен саат 10:51 чамасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам жана Кызыл-Гава айылдарында жер титирөөнүн күчү 5 баллга сезилген, ал эми Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак жана Кызыл-Октябрь айылдарында – 4,5 балл, Жалал-Абад жана Көк-Жангак шаарларында – 3,5 балл болгон.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар же кыйроолор болгон жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ