27-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Кант шаарынын тургуну, 1957-жылы туулган Квастиани Антонина Ивановна аныкталды.
Такталган боюнча А.Квастиани соцтармактар аркылуу таажывирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан.
А.Квастиани менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ