Бүгүн, 30-мартта Казакстанда дагы 9 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган.
Алардын айтымы боюнча, жаңы учурлар Алматы шаарында, Түндүк Казакстан жана Акмола облустарында катталган.
Учурда Казакстанда таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 293кө жетти. Алардын ичинен: Нур-Сулутанда – 167, Алматы – 73, Караганда облусу – 7, Атырау облусу – 12, Акмола облусу – 9, Жамбыл облусу – 3, Шымкент – 2, Чыгыш Казакстан облусу – 2, Алматы облусу – 6, Актөбө облусу – 2, Түндүк Казакстан облусу – 1, Павлодар облусу – 1, Мангистау облусу – 1, Кызыл-Ордо облусу – 2, Батыш Казакстан облусунда – 5.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ