Бүгүн Жалал-Абадда таажывирусунан айыккан адамдар ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта КР Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев түштүк тарапка жөнөтүлүп жаткан дарыгерлердин алдында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымы боюнча, жарандан ооруканадан чыгарылгандан кийин алар тууралуу так маалымат берилет.
https://www.facebook.com/minzdravKR/videos/236477430823170/
Учурда Кыргызстанда 84 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен:
– Чүй облусу – 10;
– Жалал-Абад облусу – 39;
– Нарын облусу – 1;
– Баткен облусу – 1;
– Ош облусу – 33.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ