Бүгүн, 30-мартта Кордиология жана терапия улуттук борборунун, Улуттук госпиталдын, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедрасынын, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жана №1 шаардык ооруканасынын – 9 дарыгери Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына кеңештерди берүү жана практикалык медициналык жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымы боюнча, 14 күндүн ичинде дарыгерлер таажывирус менен ооруган бейтаптарга текшерүү жүргүзүшөт. Андан кийин бардык медициналык кызматкерлер 14 күндүк карантинге жиберилип, бир айдан кийин гана үйлөрүнө келе алышат.
Ар бир дарыгерге керектүү коргоо каражаттары менен жеке бокстор берилди. Алар коргоочу кийимдерди, беткап, мээлей, костюм, ж.б. керектүү каражаттарды алып барышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ