Бүгүн, 30-март күнү Кыргызстанда дагы 10 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип билдирет.
Жаңы учурлардын бардыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган.
Учурда Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен:
– Чүй облусу – 10;
– Жалал-Абад облусу – 49;
– Нарын облусу – 1;
– Баткен облусу – 1;
– Ош облусу – 33.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ