Бүгүнкү күндө 1459 жаран обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымы боюнча, Бишкек шаарында – 401 жаран, Чүй облусунда – 115, Ош шаарында – 125, Ош облусунда – 231, Жалал-Абад облусунда – 79, Баткен облусунда – 199, Нарын облусунда – 108, Талас облусунда – 146, Ысык-Көл облусунда – 55.
“Таажывирусун жуктуруп алган бейтаптар менен кандайдыр бир байланышта болуп, ошолор менен жакын болгондугуна байланыштуу 1459 адам обсервациялоо жайларында жатат” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ