2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Пафилов районунун Панфилов айылынын тургуну Назарбекова Камила жана Чүй областынын Пафилов районунун тургуну, 1966 ж.т. Жайчыбекова Жаңыл аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
К.Назарбекова жана Ж.Жайчыбекова соцтармактар аркылуу Кайыңды шаарындагы ооруканада Тажикистандын жаранына коронавирус аныкталды деген жалган маалыматтарды тараткан.
Профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. К.Назарбекованын жана Ж.Жайчыбекованын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.
Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ