Бүгүнкү күндө 94 жарандан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымы боюнча таажывирусун жуктуруп алган бейтаптар төмөнкү аймактарда дарыланып жатышат: Жалал-Абад облусунда – 40, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 33, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 10.
Белгилей кетсек, бүгүн стационардан Жалал-Абад облустук ооруканасынан таажывирусунан айыккан 3 бейтап чыгарылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ