Menu

Соцтармактар аркылуу Көк-Жар айылында 50 адамдан коронавирус табылып, аларды алып кетишти деген жалган маалыматтарды тараткан адам кармалды

Бөлүшүү:

2020-жылдын 29-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургуну, 1970- жылы туулган Шагеева Татьяна аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча Т.Шагеева соцтармактар аркылуу Көк-Жар айылында 50 адамдан коронавирус табылып, аларды алып кетишти деген жалган маалыматтарды тараткан.

Т.Шагеева менен профилактикалык иш чаралар өткөзүү максатында Аламүдүн райондук ИИБ алынып келинди. Жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер
органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды,
ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана
эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү
улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: