Президент Сооронбай Жээнбеков күн сайын штабдан таажывирустун абалы жөнүндө маалымат алып турат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымы боюнча, президент штабдын, үч комендандатуранын жана мамлекеттик органдардын ишин жеке өзү көзөмөлдөп жатат.
“Эгер биргелешип иш алып барсак, медициналык уюмдардын кызматкерлеринин талаптарын так аткарабыз, демек, бул оорудан тез арыла алабыз деген ойдомун. Мен дагы бир жолу медициналык кызматкерлердин талаптарын аткарууга чакырып өтөм” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ