Menu

Бишкекте уруксат кагаздары көк, кызыл жана сары түстө берилет. Алар эмнеси менен айырмаланат?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан уруксат кагаздары 3 түстө (көк, кызыл, сары) берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, көк түстөгү уруксат кагаздары шаар ичинде күнү-түнү жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кызыл уруксат кагазы менен коменданттык саат убагында (саат 20:00дөн 7:00гө чейин) унаа менен жана жөө жүрүүгө мүмкүн. Ал эми сары түстөгү уруксат кагазы уюмдардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле медициналык мекемелерде, банктарда иштеген жарандардын кыймылы үчүн берилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 94кө жетти, 3 жаран оорудан сакайды. 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби жана коменданттык саат киргизилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: