Бүгүн, 30-мартта республикалык штаб таажывирусу аныкталган 94 жарандын жаш курагы тууралуу маалымат таратты.
Кыргызстанда таажырусуна чалдыккандардын жаш-курагы:
15 жашка чейинки балдар – 9, анын ичинен 1 жашка чейинки 2 наристе;
16 жаштан 19 жашка чейин – 4;
20 жаштан 35 жашка чейин – 29;
35 жаштан 55 жашка чейин – 23;
55 жаштан уулу – 29.
Учурда Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен: Чүй облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 49, Нарын облусу – 1, Баткен облусу – 1, Ош облусу – 33.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ