Menu

Видео – Бүгүндөн тарта Таласка эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт турган болду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымына караганда, Талас районунун Талдыбулак айылына орнотулган пост жабылды. Облуска сырттан бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилет.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай чечим коронавирусту алдын алуу жана элдин суроо-талабын аткаруу, ошондой эле телеграм каналынан атайын топ түзүп Бишкек шаарына каттап жаткан айдоочуларын иш аракеттерине бөгөт коюу максатында кабыл алынганын айтты.

Облус башчысы бул чектөөлөр, азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандарга жайылтылбайт экенин белгиледи.

“Бул жерде облустун жана райондордун жетекчилеринин баары жүрөт: губернатор, акимдер, прокуратура, УКМК баары бир чечимге келишти. Эми бүгүндөн баштап Таласка абсолютно эч кирбейт да, чыкпайт да. Келем кетем деген урук-тууган, жоро-жолдошторго айтып койгула: эч ким кирбейт да, чыкпайт да, наглухо жабылды Конезаводдогу посттон. Эч ким кирбейт, эч ким чыкпайт”, – деп билдиришти жеринен. Булак:

KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: