Menu

24 сааттык коменданттык саат киргизүү жөнүндө тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт – Өкмөт

Бөлүшүү:

Месенджерлерде «өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизилет, буга байланыштуу тез арада азык-түлүк сатып алуу керек», – деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бул маселе боюнча кошумча түшүндүрмө берет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалымат жыйынында 24 сааттык коменданттык саатка байланыштуу маселе боюнча айткан текстинин үзүндүсү кесилип алынып, туура эмес чечмелеген.
Кубатбек Боронов маалымат жыйындын жүрүшүндө өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген. Калк өзүнүн саламаттыгы жана жакындары менен туугандарынын ден соолугу үчүн күндүзү негиздүү себептерсиз бардык жүрүүлөрдү максималдуу түрдө чектөөгө тийиш. Социалдык изоляция эрежелерин сактоо керек, бул жарандык коомдун кынтыксыз аткарыла турган талабы болушу кажет. Антпесе баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн зор тобокелдиктер туулат.
Чараларды күчөтүү максатында жөө патрулдардын 410 каттамы иштелип чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: