Menu

Ош шаарынын мэри дарыгерлерге атайын медициналык формаларды тапшырып, аз акы алып иштеген мээрбан айымдарга 5 тонна ун берет

Бөлүшүү:

Ош шаарынын мэри дарыгерлерге атайын медициналык формаларды тапшырып, аз акы алып иштеген мээрбан айымдарга 5 тонна ун берет. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 30-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык клиникалык ооруканасынан кабар алып, атайын медициналык формаларды тапшырды. Шаар жетекчиси дарыгерлердин суроолоруна жооп берип, керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирди.

“Азыркы кырдаалда эң башкы байлык ден соолук экенин бүт дүйнө эли түшүнүп, сезди деп ойлойм. Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарыбызда коронавирус менен ооругандар катталды. Бул жугуштуу илдет менен күрөшүүдө, алдын алууда сиздердин милдетиңер өтө чоң. Билем күнү-түнү кызматта болуп жатасынар. Силер Гиппократтын анттын ичкенсинер. Силердин бул кызматынар эл үчүн, өзүнөрдүн балдарынар үчүн, жакындарынар үчүн экенин билесиздер. Анткени оору тандап келбейт экен. Коомчулукта ак халатчандарга, милиция кызматкерлерине болгон сый-урмат күчөдү. Эл силердин эмгегинерди көрүп, билип турат. Мындай кырдаалда баарыбыз жапатырмак биригип, биргеликте күрөшүүбүз керек.

Мамлекет тарабынан, шаардык мэрия, бул кырдаалдан чыгуу үчүн бар күчүн жумшап жатат. Бүт баары өлкө башчыбыздын көзөмөлүндө”,-деди шаар мэри.

Буга чейин мэрдин тапшырмасы менен шаардагы ооруканаларда, поликлиникаларда иштеген медицина кызматкерлерине арзан баадагы 1700 каптан ашык ун таратылган. Ош шаарына өзгөчө абал киргизилгенден кийин дарыгерлерди ташууга 28 кичи автобустар уюштурулуп, күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө. Бүгүнкү жолугушуудан кийин шаардык мэрия тарабынан ооруканада аз айлык алып иштеп жаткан мээрбан айымдарга 5 тонна ун акысыз бериле турган болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: