Бүгүн, 31-марттан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Бул тууралу таажывирусуна каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирүү таратты.
Алардын катарына КТБлар жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет.
Өзгөчө абал режими киргизилбеген республиканын башка аймактарында ведомствонун алдындагы бөлүмдөр штаттык тартипте ишин улантат.
Чет элдик жарандардын каттоосун КТБ ачылгандан кийин узартса болорун МКК эске салат.
2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки мезгилде төрөлгөн ымыркайлардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алуу – кийинкиге жылдырылат.
“КР бузуулар тууралуу кодексинин” 275-беренесинде каралган айыптар салынбайт. Аталган чечим республиканын бардык аймагына жайылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ