Тажикстандын 200гө жакын жараны 12 күндөн бери Москванын «Домодедово» аэропортунда мекенине уча албай турушат.
Алар алгачкы төрт күнүн «Жуковский» аэропортунда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын каттамын күтүп өткөрүшкөн. Бирок бешинчи күн дегенде Тажикстандын «Сомон Эйр» улуттук авиакомпаниясы аларды «Домодедово» аэропортунан чартердик каттам менен алып кетүүнү убадалаган. Бирок дале болсо ал каттам аткарыла элек.
Мигранттарга тамак-ашты ыктыярчылар жана Москвада туруктуу жашаган мекендештери жеткирип беришүүдө.
Мигранттардын бири билетин тапшырып, кайра Москвага барууга даяр экенин, бирок каттоо мөөнөтү аяктап калгандыктан, шаарга кире албай турганын билдирүүдө. «Документтерди калыбына келтирүү үчүн кеминде эки жума убакыт талап кылынат. Анан да акча төлөш керек, мен болсо акыркы акчама билет сатып алгам», — деди ал.
Азырынча Тажикстандын Москвадагы элчилиги мигранттардын мындай абалы тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ