Menu

Өкмөт калкты социалдык жактан колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндөгү жагдай жылдап топтолуп келген көйгөйлөрдү, анын ичинде саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди Өкмөткө ыкчам чечүүнү милдеттендирди.

«Акыркы күндөрү жарандар жана бизнес-коомчулук туш келип жаткан ыңгайсыздыктарды түшүнүп жатабыз. Өзгөчө абал киргизүү  көп сандагы жарандардын арасында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн кабыл алынган чара болуп саналат. Бүгүнкү күндө вирустун жайылышына канткенде туруштук берип, экономикалык жактан жигердүү жашоого канткенде кайтып баруу керектиги ар бириңердин ден-соолугуңарга,  аң-сезимге жана алдын алууга көз каранды. Бүтүндөй өлкөнүн бакубат турмушу биздин аракеттерибиздин ырааттуулугуна көз каранды», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

«Чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Муну менен катар жакынкы күндөрү Өкмөт бизнес-коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу жумуштарды жайылта баштайт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча планына ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

– ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылуу сунуш кылуу;

– мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун топтоо;

– социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин

ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;

 – азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.

Премьер-министр Өкмөт калктын социалдык-аярлуу катмары үчүн өзгөчө абал режиминин кесепети кандай болорун жакшы түшүнөрүн баса белгиледи.

«Өзгөчө абал маалында биз баарынан мурда инфекция менен максималдуу түрдө күрөшүү керектигин ойлонушубуз зарыл. Биздин максат – инфекциянын жаңы чыккан учурун алдын алуу жана жарандар арасында жол бербөө. Мен жарандарды өзгөчө абал киргизилген шаарлардын жана облустардын коменданттарынын иши менен көрсөтмөлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Мамлекет өз кезегинде эч ким көңүл буруусуз жана камкордуусуз калбаш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат. Жалпы коркунуч алдында бүгүнкү күндө элдин, бизнестин жана мамлекеттин  болуп көрбөгөндөй биримдигин сезип жатабыз. Көпчүлүк ишкерлер жана жөнөкөй жарандар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына ар тараптан көмөк көрсөтүүдө. Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жардам көрсөтүү боюнча так жана уюшкандыктагы иштерди камсыз кылат. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн ачылган атайын эсепке бир нече күндүн ичинде 50 млн сомдон ашык акча чогулду. Вируска каршы күрөшүүгө жумшалган ар бир сом үчүн отчёт беребиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: