Британиялык тактынын мураскери Чарльз Уэльский таажывирус илдетинен айыкты. Резиденциядан ханзааданын абалы жакшы болуп калганын билдиришкен. Бул тууралуу кечээ, 30-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
71 жаштагы ханзаада коронавирус илдетин жуктурганы аныкталгандан кийин 7 күн үй карантининде болгон. Ал эми жубайы Камилла Корнуольскаяда таажывирус аныкталбаса деле аптанын аягына чейин изоляцияда калмакчы.
Чарльз Уэльский көп иш-чараларга катышканына байланыштуу кайсы жактан вирусту жуктуруп алганы аныкталган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ