Menu

Билим берүү жана илим министрлиги видеосабактарды тартууну улантып жатат

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын жадыбалы түзүлгөн. Ага негизинде 4-чейректин сабактары Бишкектеги 9 студияда жана Ош шаарында “ЭлТР” каналынын базасында тартылууда.

Видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып жатат.

Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана “Санат”, “Пирамида”, “5-каналдарынан” эфирге берилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: