Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда Бишкек шаарында 2 өрт, Чүй облусунда 3, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсүндө 40 тонналык контейнер күйүп кеткен. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Мындан тышкары, борбор калаанын 8-кичи районунда батирлердин бириндеги эмеректер күйүп кеткен.
Чүй облусунун Горный-Серофимовка айылында үйлөрдүн биринин чатыры өрттөнгөн. Өрттүн себеби иликтенүүдө.
Ошондой эле Таш-Сарай айылында 50 гектар жерге, 15 бак жана куураган чөп өрттөнүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ