Кечээ, 30-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында «Аруузат Токо» аты менен “Фейсбук” баракчасы аркылуу аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген, КР жараны, Бишкек шаарынын тургуну Т.Ч аныкталды. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды. Учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай чагымчыл жана башка аймактар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ