30-марттан 31-мартка караган түндө Ошто коменданттык сааттын эрежелерин бузган 9 жаран кармалды, алардын ичинен 23 аял, 97 эркек, 2 өспүрүм жана 2 чет элдик жаран. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта онлайн брифингде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
“Кармалган 9 жаран райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө, жергиликтүү комендатураларга алынып келинип, мыйзам чегинде эскертүү берилип, айрымдарын үйлөрүнө жеткиздик” – деп билдирди комендант.
Муну менен катар, ал Ош облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана комендатуранын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ