Menu

Малик Нурдинов, комендант: “Ош облусундагы Озгур айылынын 10 тургуну таажывирусун жуктуруп алды” деген маалымат текшерилип жатат”

Бөлүшүү:

Ош облусундагы Озгур айылынын 10 тургуну таажывирусун жуктурган деген маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымы боюнча, кечээ 30-мартта социалдык тармактарда Озгур айылынын 10 тургуну таажывирусун жуктуруп алды деген маалымат тарап кеткен. Ошондой эле, ал тургундардын аты-жөнү, жашаган дарегинен бери көрсөтүлгөн.

Комендант бул маалыматтын чын-жалганын тиешелүү органдар текшерип жатканын билдирди.

Ал ошондой эле, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

“Чет элден келген 400дөн ашуун жаран обсервацияга жаткырылган, бирок бул алардын бардыгы таажывирусту жуктурган дегенди билдирбейт, ошондуктан адамдардын арасында дүрбөлөң салууга болбойт” – деп билдирди комендант.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: