Бүгүн, 31-март саат 12:00гө карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Таажывирусун жаңы жуктуруп алган 13 жарандын ичинен:
– Чүй облусунда – 1 адам,
– Бишкек шаарында – 1 адам,
– Нарын шаарында – 3 адам,
– Ош облусунда – 5 адам,
– Ысык-Көл блусунда – 2 адам,
– Жалал-Абад облусунда – 1 адам.
Ошентип, Кыргызстан боюнча 107 адамдан таажывирусу аныкталды. 107 бейтаптын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам. Булардын бардыгы ооруканаларга жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ