Menu

Таажывируска каршы республикалык штаб өлкөдө кимдердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилгенин жарыялады (тизме)

Бөлүшүү:

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:
1. Саламаттыкты сактоо системасы:
– ооруканалар;
– лаборатордук кызматтар;
– үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;
– бардык менчик формадагы мед. мекемелер;
– ветеринардык тез жардам кызматтары;
– мед. товарларынын дистрибуциясы.
2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:
– электроэнергиялык компаниялар;
– суу менен камсыз кылуу;
– электриктер жана сантехниктердин кызматтары;
– өрт өчүрүү кызматы;
– көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;
– калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;
– дезинфекция;
– телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);
– аэропорттор;
– темир жол бекеттери;
– почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
– соц. камсыздоо.
3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:
– тамак-аш өнөр жайы;
– айыл чарбасы;
– биринчи керектүү товарларды өндүрүү;
– химреагенттер;
– дары-дармек препараттары;
– мед. жабдуулар жана аспаптар;
– үй үчүн кагаз буюмдары;
– жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);
4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:
– азык-түлүк дүкөндөрү;
– дарыканалар;
– Күйүүчү май куюу жайлары;
– ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;
5. Башка маанилүү кызматтар:
– азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;
– азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;
– банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);
– мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
*Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.
– жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
– карылар үйлөрү;
– балдар үйлөрү;
– үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;
– жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;
– ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.
МАНИЛҮҮ: унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек; буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтсүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: