Menu

Таажывирусун жуктуруп алган 3 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган

Бөлүшүү:

Таажывирусун жуктуруп алган 107 бейтаптын ичинен 3 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча республикалык штабдын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымы боюнча, 2 бейтаптын абалы орточо оор, туруктуу. Алар Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жатышат. Ал эми Ош облустук ооруканасында жаткан бейтаптын абалы өтө оор. Ал жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Кыргызстанда 107 адам таажывирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен:

– Ош облусунда – 38 адам;

– Жалал-Абад облусунда – 50 адам;

– Бишкекте – 8 адам;

– Чүй облусунда – 4 адам;

– Баткен облусунда – 1 адам;

– Нарын облусунда – 4 адам;

– Ысык-Көл облусунда – 2 адам.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: