Menu

Видео – Бүгүн таажывирус Ысык-Көлдөн 2 кишиден, Нарындан дагы 3 кишиден табылды, жалгыз эле Талас тынч

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-март саат 12:00гө карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Таажывирусун жаңы жуктуруп алган 13 жарандын ичинен:

– Чүй облусунда – 1 адам

– Бишкек шаарында – 1 адам

– Нарын шаарында – 3 адам

– Ош облусунда – 5 адам

– Жалал-Абад шаарында – 1 адам.

– Ысык-Көл облусунда – 2 адам. Буга чейин Ысык-Көлдө таажывирус табыла элек таза аймак болчу. Ал эми Нарында 1 эле киши катталгана эле.

Ошентип, Кыргызстан боюнча 107 адамдан таажывирусу аныкталды. 107 бейтаптын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Анын айтымы боюнча, булардын бардыгы обсервацияга алынды, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат.

107 адамдын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 51 адам;

Ош облусунда – 28 адам;

Чүй облусунда – 4 адам;

Баткен облусунда – 1 адам;

Ош шаарында – 9 адам;

Бишкек шаарында – 8 адам;

Нарын облусунда – 4 адам;

Ысык-Көл облусунда – 2 адам;

Ошентип, Кыргызстан боюнча 107 адамдан таажывирусу аныкталды.

107 бейтаптын ичинен:

аялдар – 58 адам;

эркектер – 49 адам;

Бейтаптарды жаш курагына карай бөлсөк:

15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 15 адам;

1 жашка чейин – 2 наристе

жашы улгайгандар – 31 адам.

Ооруканада жатышкан 107 адамдын ичинен:

оор абалда жатканы – 3 адам:

реанимацияда стабилдүү – 2 адам Ноокат ооруканасында;

өтө оор абалда – 1 адам Ош ооруканасында, атайын ИВЛ аппаратына коштук;

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 8186 адамдын анализи изилденди.

Бүгүн, 31-мартта Ысык-Көлдүн Түп районунун 2 тургунунан таажывирус табылып, ооруканага жаткырылды.

Алар Кыргызстандагы “Таблиги жаамат” диний агымынын өкүлү катары Индияда жылда өтчү бул агымдын жыйынына барып катышып,  22-март күнү Дели-Бишкек каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Биринчиси 34 жаштагы Ж.М., экинчиси 39 жаштагы М.К.

Аларды “Манас” аэропортунан обсервацияга жаткырышып, анализ алып, биринчи анализи таза чыкканда 24-мартта үйлөрүнө коё беришкен. Ошол эле замат алар “Манас” аэропортунан Бишкектин автовокзалына чейин такси менен келишип, Бишкек-Балыкчы каттамындагы 15 орундуу кичи автобус менен көлгө сапар алышкан. Балыкчыга жеткенден кийин Түпкө чейин такси жалдашып, анда дагы 2 киши менен (таксист жана дагы бир жүргүнчү) чоогу кетишкен.

25-март күнү алардын биринин дене табы 37,5 градуска чейин көтөрүлүп, жергиликтүү врачтар ал экөөсүн тең обсервацияга алышкан. Тапшырган анализдеринен таажывирус табылган. Азыр экөөсүнүн тең үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары – 12 киши  жана аларды Балыкчыдан Түпкө алып келген таксист 4 үй-бүлө мүчөсү менен обсервацияга жаткырылган. Алар жашаган жерлер карантинге жабылган.

“Манас” аэропортунан Бишкектин автовокзалына чейин алып келген таксист, Бишкек-Балыкчы каттамындагы кичиавтобустун 15 жүргүнчүсү жана Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин такси менен чоогу келген жүргүнчүнүн даректери такталып, азыр изделүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: