Menu

Өкмөттүн Аппараты: Кыргызстандыктар өзгөчө абал режимин бузуулар үчүн көрүлүүчү административдик чараларды эстен чыгарбоого тийиш

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты кыргызстандыктар өзгөчө абал режимин бузуулар үчүн көрүлүүчү административдик чараларды эстен чыгарбоого тийиш экендигин эскертет.Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев кол койгон буйрукка ылайык бир катар учурлардан тышкары, өтө зарыл болбосо адамдардын жана жеке унаа каражаттарынын шаарда жүрүүсүнө бир катар тыюу салуулар киргизилди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, бюджеттик уюмдарда иштегендерге тиешелүү уруксат кагазы жок болсо жеке унаалар менен жүрүүгө тыюу салынат. Кызматкерлер үчүн унаа даярдап, бирдиктүү ташуу уюштуруу керек.

Колдонулуучу бир нече административдик жоопкерчилик чараларын келтиребиз.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесине ылайык коомдук тартип боюнча милдетин өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Күндүзгү маалда үйдөн чыгып өзгөчө абал режимин бузуу үчүн  Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу жөнүндө 293-берене) жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коменданттык саатты бузган шартта жарандар милиция же аскердик күзөт тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат, ал эми жанында документи жоктор өздүгү аныкталганга чейин үч суткага чейин камалат; кармалгандардын өздөрү, буюмдары жана унаа каражаттары текшерилиши мүмкүн. Ошондой эле жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коомдук жайларда беткапсыз жүрүү жана башка аракеттерге Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жеке жактар үчүн 1 миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине, милиция, аскердик күзөткө карата коркутуп-үркүтүү, зомблук көрсөтүү менен коркутуулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 355-беренесине ылайык IV категориядагы түзөтүү иштери же V категориядагы айыппул, же I категорияда эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу эмес зомбулук көрсөтүү же өмүрү жана саламаттыгы үчүн кооптуу зомбулук көрсөтүү же II категорияда эркинен ажыратуу менен VI категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет.

Карантин, обсервация режимдерин сактабагандык, дарылануудан качуу, ооругандыгы тууралуу маалыматты жашыруу ж.б. аракеттердин кесепетинен адамдарга коронавирус  жуккан шартта:

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү (жашы жете электер үчүн – 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн – 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин) жазага алып келет.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор зыян келтирсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан 2 жылга чейин ажыратуу менен, II категорияда эркинен ажыратуу (жашы жете электер үчүн  – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин) менен VI категориядагы айыппул (жашы жете электер үчүн  80 000 сомдон 100 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн  180 000 сомдон 220 000 сомго чейин) түрүндө жазага алып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: