Menu

Жалал-Абаддагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тонна ун 6000 литр өсүмдүк майы таркатылды

Бөлүшүү:

2020-жылдын  30-мартында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында учетто турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга 50 тонна ун, 6000 литр өсүмдүк майы таркатылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган гуманитардык жардам КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Алтынбеков тарабынан берилген.

Бүгүнкү күндө Базар-Коргон районунда 6700 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 20400 баласына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнөт. 2258 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар ай сайын социалдык жөлөкпул алса, акчалай компенсация алуучулардын саны 663 жаран. Ал эми 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган 206 жеке ассистентке айлык акы төлөнүп берилет.

Учурда өлкөдө жаралган жагдайга байланыштуу Базар-Коргон районунун Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы атайын сурап билүү телефонун ишке киргизди. Азык-түлүккө абдан муктаж болгон жарандар саат 9:00 дөн 17:00 чейин  0774 797300 номуруна чалса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: