Menu

Таажывирусун жуктуруп алган бейтаптар менен 5771 адам байланышта болгон

Бөлүшүү:

Кыргызстанда таажывирусунун жайылышынан бери жалпысынан 5638 адам обочолонуп, 3870 адам үй көзөмөлүнө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча республикалык штабдын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымы боюнча, 5 771 адам таажывирусу аныкталган бейтаптар менен байланышта болгон. Алардын ичинен 1561 адам – 1-категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар), 4210 – 2-категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар). Ал эми обсервациялоо жайларында 1592 адам жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 107 адам таажывирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен:

– Ош облусунда – 38 адам;

– Жалал-Абад облусунда – 50 адам;

– Бишкекте – 8 адам;

– Чүй облусунда – 4 адам;

– Баткен облусунда – 1 адам;

– Нарын облусунда – 4 адам;

– Ысык-Көл облусунда – 2 адам.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: