Бүгүн 31-марттан тарта Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда таажывирус илдетин алдын алуу жана элдердин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүү талап кылынууда. Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү.
Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ