Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
“Биз кадимки режимде иштесек, окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө каттоону аяктап калмакпыз. Бирок, ушул кырдаалга байланыштуу, биз каттоону токтотуп койдук. Кырдаал жөнгө салынгандан кийин ЖРТ окуучуларды каттайбыз. Каттагандан кийин жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтүн бир аз жылдырабыз” – деп билдирди Надира Жусупбекова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ