Menu

Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден баштап балдарды дистанттык форматта окутууга өткөрөт

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден баштап балдарды дистанттык форматта окутууга өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал 8-апрелде карантин аяктарын белгилеп, окуучулар 4-чейректи аралыкта окуй турганын айтты.

Анын айтымы боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги бала-бакчадагы балдар үчүн “Балалык” программасы иштелип жатат.

“Балалык” программасын ишке ашыруу үчүн телеканалдар менен иштешип жатабыз. “Баластан” телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү, тарбия берүүчү телекөрсөтүүлөр, мультфильмдер көрсөтүлөт. Ошондой эле, балдарды  мектепке даярдоо боюнча “Наристе” деген 480 сааттык программабыз дагы бар. Анын эң негизги максаты – балдарды мектепке даярдоо. Бул программа боюнча, видео сабактар даярдалып, тартылып жатат. “Баластан” телеканалынан башталгыч класстардын окуучулары үчүн да видео сабактар көрсөтүлөт” – деп белгиледи Надира Жусупбекова.

Ал эми 5-9-класстардын окуучулары үчүн “Илим-Билим” ЭлТР, “5 канал”, “Пирамида” телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: