Азыркы кырдаалга байланыштуу үйдө болуп жаткан балдарга жагымдуу психологиялык шарт түзүп берүү керектигин бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
“Урматтуу ата-энелер, учурда сиздердин моюнуңуздарда чоң жоопкерчилик турат. Балдар күнүгө үйдө болгондуктан аларга жагымдуу психологиялык шарт түзүп, тазалыкты сактап, телеканалдардан берилүүчү сабактардын жүгүртмөсүн алып каралашыңыздар. Биз да сиздерге жардам беребиз. Мектепке чейинки жана андан улуу балдардын ата-энелерине өзүнчө сунуштарды жөнөтөбүз. Ошону менен биз IV чейректи дистанциялык форматта ийгиликтүү аяктай алабыз”, – деди Жусупбекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ