Menu

Нурлан Өмүров: “Студенттердин билим берүү ресурстарына акысыз мүмкүнчүлүк алуу үчүн мобилдик операторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”

Бөлүшүү:

ЖОЖдор үчүн аралыктан окутууга өтүү жаңылык эмес. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымы боюнча, көптөгөн университеттерде AVN тутуму киргизилген, бул бааларды электрондук баракчага коюуга, маалымат алмашууга, модулдарды өткөрүүгө жана тестирлөөгө мүмкүндүк берет. 

Нурлан Өмүров кошумчалагандай, таажывирусуна байланыштуу карантин жарыялангандан кийин университетте билим берүү улантылып, көпчүлүк электрондук тутумдар аркылуу орто аралык модулдарын, экзамендерин өткөрүшкөн.

Билим берүү министрлиги студенттердин билим берүү ресурстарына акысыз мүмкүнчүлүк алуу үчүн мобилдик операторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

“Уюлдук операторлорду студенттерге “Кел Бил” тиркемесин ж.б.у.с. айрым ЖОЖдордун билим берүү ресурстарына аралыктан жеткиликтүүлүктү камсыз кылган мобилдик тиркемелерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө чакырат элем”, – деп билдирди Нурлан Өмүров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: