Москвада акыркы бир сутка ичинде таажывирус илдеин 500 адам жуктуруп алган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Бир суткада коронавирус оорусун жуктургандардын эң көбү Москвада катталган. Бул шаарда акыркы бир сутка ичинде 387 адам коронавирус жуктуруп алган. Санкт-Петербург шаарында 48 адам, Дагестанда 9 адам илдетти жуктуруп алган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда жалпы 1 миң 836 адам коронавирус жуктуруп алышкан жана 9 адам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ