Menu

Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр: “Посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбойт, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып турат”

Бөлүшүү:

Оштогу соода борборлорундагы азык-түлүктүн жетиштүүлүгүн вице-премьер-министр менен мэр текшерип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда бүгүн, 31-мартта КРнын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы чоң соода борборлорду кыдырды.

Анын негизинде “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный” соода борборлорунда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшеришти.

Вице-премьер-министр А. Мадумаров посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып тураарын айтты.
Шаар мэри аталган соода борборлордун жетекчилерине азык-түлүктөрдү буйрутма менен тургундардын үйлөрүнө жеткирип берүү кызматын жандандырууну сунуштады.

“Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүп турат. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле, дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат»-деди мэр Т. Сарыбашов.

Соода түйүндөрү коменданттык убакытка байланыштуу эрте менен саат 8:00 ден кечки 17:30 гө чейин туруктуу иштеп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: