Бүгүн, 31-мартта Ысык-Көлдүн Түп районунун 2 тургунунан таажывирус табылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралу бүгүн Саламаттыкты сактооо министрлигинин таажывируска каршы күрөшүү боюнча штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов өкмөттүк брифингде билдирди.
Алар Кыргызстандагы “Таблиги жаамат” диний агымынын өкүлү катары Индияда жылда өтчү бул агымдын жыйынына барып катышып, 22-март күнү Дели-Бишкек каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Биринчиси 34 жаштагы Ж.М., экинчиси 39 жаштагы М.К.
Аларды “Манас” аэропортунан обсервацияга жаткырышып, анализ алып, биринчи анализи таза чыкканда 24-мартта үйлөрүнө коё беришкен. Ошол эле замат алар “Манас” аэропортунан Бишкектин автовокзалына чейин такси менен келишип, Бишкек-Балыкчы каттамындагы 15 орундуу кичи автобус менен көлгө сапар алышкан. Балыкчыга жеткенден кийин Түпкө чейин такси жалдашып, анда дагы 2 киши менен (таксист жана дагы бир жүргүнчү) чоогу кетишкен.
25-март күнү алардын биринин дене табы 37,5 градуска чейин көтөрүлүп, жергиликтүү врачтар ал экөөсүн тең обсервацияга алышкан. Тапшырган анализдеринен таажывирус табылган. Азыр экөөсүнүн тең үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары – 12 киши жана аларды Балыкчыдан Түпкө алып келген таксист 4 үй-бүлө мүчөсү менен обсервацияга жаткырылган. Алар жашаган жерлер карантинге жабылган.
“Манас” аэропортунан Бишкектин автовокзалына чейин алып келген таксист, Бишкек-Балыкчы каттамындагы кичиавтобустун 15 жүргүнчүсү жана Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин такси менен чоогу келген жүргүнчүнүн даректери такталып, азыр изделүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kgы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ