Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Нарындын күркүлдөрү таажывирус чыккан өз элине качан жардам беришет?”

Бөлүшүү:

“Дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин бири Кытайда коронавирус чыкканда биздин Нарындын байлары кытайга жардам беребиз деп чыгышты эле, эми алардын кичимекени Нарында коронавирус чыгып, эсибиз ооп жатса Нарындын күркүлдөрүнүн бири да оозуна суу ууртап алгансып унчугушпайт. Нарындын күркүлдөрү: Салымбеков, Абдыкеримов, Түлеев, Шыкмаматов, Кулбараков, Акматалиев, Мусабековалар бизге саясый кампаниялар учурунда гана келеби? Азыр келип элинен кабар албайбы? Колунан келген жардамын бербейби?” – деп суроо салды бүгүн, 31-мартта Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Бизди беткап, колкап сыяктуу майда-чүйдө бир нерселер менен алдайбыз деп убара болушпасын. Нарынга жок дегенде 30 ИВЛ аппараты керек, ошону сатып беришсин. Врачтардын заманбап костюмдары, дары-дармек, медициналык шаймандар жетишпейт. Доктурлардын айлыгы аз, иштеген жеринде шарттарын оңдош керек. Азыр күндүр-түндүр ач калып, ток калып иштеп жатышат, ошол врачтарга  жардамын беришсин”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

14 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: