Menu

Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү долбоору башталат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшериш үчүн атайын лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу демилгени ишке ашырып жаткандар кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашат.

Долбоорду Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги чогуу жүргүзөт. Анын алкагында жакынкы күндөрү «Бонецкий» диагностикалык лабораториясында коронавирус текшериле баштайт. Буга керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адистер чакырылат.

Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуш керек.

Бул демилгени ишкер Бабур Төлбаев колдоп, 84 миң 460 долларды керектүү жабдуу сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктоочу тесттерди алыш үчүн которгон.

Буга байланыштуу демилгелүү топ ишкерлерди жана меценаттарды бул маанилүү долбоорду колдоого чакырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: