31-марттан 1-апрелге караган түнү Бишкек шаарында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына 119 жаран жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Кармалган 119 адамдын ичинен 17си аял, 102си эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран бар.
Октябрь районунда 17 жаран (1 аял, 16 эркек), Ленин районунда 34 адам (6 аял, 28 эркек), Биринчи май районунда 35 жаран, Свердлов районунда 33 адам кармалып, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, 119 протокол түзүлгөн” – деп билдирди комендант.
Белгилей кетсек, коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ