Menu

Германиянын Гессен жеринин финансы министри Томас Шафер таажывирус илдети менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын түшүнүп, өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

28-мартта Германиянын Гессен жеринин финансы министри Томас Шафер таажывирус илдети менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын түшүнүп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу Германиянын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Кыязы, ал таажывирустун экономикалык таасири менен кантип күрөшүү керектигине ” терең маани берген”, бул багыттагы өзүнүн алсыздыгын сезип депрессияга кабылган” – деп жазып жатышат немис басылмалары.

“Биз буга таң калып, ишенбей жатабыз жана баарынан мурда биз абдан кайгыруудабыз”,- дейт Гессен жеринин премьер-министри Волкер Баффье.

Саясатчы 54 жашта болчу. Анын денесин ишемби күнү, 28-мартта куткаруучулар Хоххайм-ам-Майн шаарына жакын жайгашкан темир жолдон табышкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Шефер өз өмүрүнө кол салып, өтүп бараткан поезддин алдына боюн таштаган. 

Бул аймакта Германиянын экономикалык борбору болгон Франкфурт-на-Майне шаары жайгашкан. Шаарда Европа борбордук банкы, Германиянын федералдык банкы, Франкфурт биржасы жана Франкфурт жармаңкеси орун алган. Ал эми Франкфурт аэропорту Европадагы эң ири аэропорттордун бири.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: