Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен, өлкөдө COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоо максатында, ошондой эле жакшы коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары – 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюмдарын, 200 даана N95 респираторун, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест системаларын берүүнү чечти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көрсөтүлгөн гуманитардык жардам Кыргыз Республикасына 2020-жылдын 2-апрелинде жеткирилет.
Кыргыз тарап көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап жана боордош өзбек элине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ