Ош облусунда коменданттык саат учурунда 2 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 31-марттан 1-апрелге караган түнү Ошто коменданттык саатты 10 жаран бузган. Аларга эскертүү берилип, айып пул салынды. Мас абалында кармалган айдоочуларга мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.
Ош шаарында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коомдук-саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ