Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 31-мартта КР Президенти Сооронбай Жээнбеков КР Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди таажывируска каршы күрөштөгү иштериндеги шалаакылыкты сындап, премьер-министр Абылгазиевден аларга карата чара көрүүнү сунуштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ