Депутат Тазабек Икрамов Жалал-Абаддагы дарыгерлер өзүлөрүнүн айлыктарын ала албай жатышкандарын бүгүн, 1- апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Бүгүнкү күндө дарыгерлер өтө жакшы иштеп жатышат. Бирок Жалал-Абад шаарында, Сузак шаарында кызмат кылып жаткан дарыгерлердин кошумча берилчү айлыгы эмес, өзүлөрүнүн айлыктары колдоруна тийе элек экен. Муну кандай түшүнсөк болот. Ушул маселени карап чыксаңыздар жакшы болмок”,- деди Икрамов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ