Menu

Видео – Элвира Сурабалдиева: “Сокулукта 1 адамдан таажывирусу аныкталып, 40 киши карантинде жатат, УКМК муну калп деп аша чаап кетти”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Сокулук районунда 1 адамдан таажывирусу аныкталып, 40 адам карантинде жатканын айтып чыкты.

Ал УКМКнын өкүлүнө кайрылып, маалыматты тараткан жарандарды коркутуп-үркүтүп, элден кечирим сураттырып жатканын айтып, “аша чаппагыла” деп эскертүү берди.

“Азыр Сокулукта 40 адам карантинде жатат. “Сокулук районунун администрациясында бир адамдан таажывирус табылды” деп айтып чыккан Сокулуктун 1987-жылы туулган тургунун кармап, элден кечирим сураттырып жатасыңар. Силер кимди алдап жатасыңар? Кечээ мен Сокулуктан келдим, чынында эле райондук администрацияда 40 киши карантинде жатат. Анан бул тургундун айтканын калп деп жатасыңарбы? Силер аша чаппагыла. Кырдаал тууралуу ачык айтып чыкса, барып коркутуп, элден кечирим сураттырган туура эмес. Сокулук районунун администрациясынын бир кызматкеринин аялы Дубайдан келген, биринчи тесттин жыйынтыгы терс чыккан, экинчи тесттин жыйынтыгы боюнча ал адамдан таажывирусу аныкталган. Сокулук районунун тургуну айткан маалымат туура, мен депутат катары тастыктайм” – деп билдирди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: